Кыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаятБишкектин айрым райондорунда 6-октябрда 17 саатка суу өчүрүлөтАдылбек Касымалиев Беларуста иш сапарын жыйынтыктадыКыргызстанда калктын 33%ын балдар түзөт, ал эми улгайган адамдардын үлүшү өсүүдө
Бишкекте 7 айда 156 миң 290 тонна таштанды чыгарылды
27.08.2024 | 18:00
Бишкекте 7 айда 156 миң 290 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.
Маалыматка караганда, 2022-жылга салыштырмалуу 50 271 тоннага жана 2023-жылга салыштырмалуу 38 589 тоннага көбөйгөн.
Бүгүнкү күндө борбор калаанын айрым аймактарында графиктен жарым-жартылай, бирок 1 күндөн ашык эмес артта калуу байкалууда.
Белгилей кетсек, бул көйгөйдү чечүү үчүн атайын жабдууларды алуу боюнча келишимдер түзүлгөн. Участокторду толук камтуу үчүн зарыл болгон таштанды ташуучу унаалардын келиши жакынкы аралыкта пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом