Кыргызстандын биринчи борбору Жалал-Абад болгон. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ облуста эл менен жолугушуу учурунда билдирди.
Ал Кара-Кыргыз автономиялык облусу түзүлгөн кезде алгач Жалал-Абад борбор катары кабыл алынганын айтты.
«1924-жылдын 12-октябрынан тарта 24-ноябрга чейин, Жусуп Абдырахмановдун жеке көрсөтмөсү менен Жалал-Абад борбор шаар болуп турган. Кийин Каменский (Михаил Каменский — ред.) бул жерде инсфаструктура жоктугун, үй-имарат курууга көп акча керектигин айтып, Пишпекке которуп кеткен», — деди Камчыбек Ташиев.
«Биз муну менен сыймыктанып жүрсөк болот. «Аккан арыктан сууга агат», — дейт, Жалал-Абад келечекте дагы борбор шаар болуп калабы, аны бир кудай билет», — деди Камчыбек Ташиев.