2030-жылга чейин Чүй облусунун 100 миң тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз болотСүлүктүдө шахта урап, бир кенчи каза болду — ӨКМКытайлык ишкана күн жана шамал электр станцияларын курууга 1 млрд доллар инвестиция салууга кызыкдарДанияр Токтотемиров: «Өлүк жандар» тирилүүдөЭртең Бишкекте фонтандар сезону ачылатКытай менен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттары майрам күндөрү убактылуу жабылат
УКМК: Нарында маданият кызматкерлери 1,5 млн сомду кымырып алган
18.09.2024 | 10:43
Нарында Жумгал райондук маданият бөлүмүнүн жетекчилиги жана кызматкерлери 1,5 млн сом акчаны кымырып алганы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, маданият кызматкерлери узак убакыттан бери өздөрүнө “аванс” катары акча жазып келишкен. Бирок ал акча маянадан кармалып калчу эмес.
Бухгалтердик текшерүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, бюджетке келтирилген зыян 1 млн 5881, миң сомду түзгөн.
Аталган фактыга байланыштуу Ы.Т., Т.Ж., А.А., М.Р., М.А., Б.Р. жана А.Г. аттуу кызматкерлери суракка алынган. Алар акча кымырып алганын моюндап, акчаны толугу менен төлөгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом