Кытайлык ишкана күн жана шамал электр станцияларын курууга 1 млрд доллар инвестиция салууга кызыкдар

28.04.2026 | 14:22

Кытайдын China Energy Engineering Investment ишканасы Кыргызстанда жалпы кубаттуулугу 700 МВтка чейин болгон күн жана шамал электр станцияларын курууну көздөөдө. Инвестициянын болжолдуу көлөмү 1 млрд АКШ долларын түзөт.

Бул маселе Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров менен China Energy International эл аралык блогунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Сюэ Данфэндин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушууга «Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемесинин директору да катышты.

Тараптар кайра жаралуучу энергия булактары жаатындагы кызматташтыкты жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун жолдорун карашты. Равшанбек Сабиров бул тармак өлкө үчүн артыкчылыктуу багыт экенин жана мамлекет инвесторлорго колдоо көрсөтүүгө даярдыгын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун конкреттүү багыттарын иштеп чыгуу жана инвестициялык демилгелерди практикалык деңгээлде кароо боюнча макулдашты.

Scroll to Top