Үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Бишкекте 76 жаштагы карыя изделүүдөБишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөтБалыкчыда мурда соттолгон жарандардан дээрлик 3 килограмм баңгизат табылдыСадыр Жапаров Ош шаарынын мэрине катуу сөгүш жарыяладыКыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу» сынагына катышатКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылды
“Бишкек – Нарын – Торугарт” жолунда мас айдоочу кармалды (видео)
30.09.2024 | 13:53
Чүй облусунун жол тескөөчүлөрү мас айдоочуну кармады. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалым болгондой, мас айдоочу 29-сентябрда саат 18:30да кармалган. Жол милиция кызматкерлерине айдоочулардан “Бишкек – Нарын – Торугарт” жолунда “Мерседес-Бенц” унаасы эреже бузуп, авариялык абал жаратып жакткандыгы тууралуу кабарланган.
Жол милиция кызматкерлери аталган унааны кууп жетип, текшергенде айдоочу мас болуп чыккан. Наркологиядагы текшерүү айдоочунун ичимдик ичкенин тастыктаган.
Мас айдоочунун унаасы айып короого коюлду. Ал эми өзү 1 жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом