Кыргызстандагы эң узун тоннелдин курулуш иштери 1-декабрда аяктайт

Кыргызстандагы эң узун тоннелдин курулуш иштери 1-декабрда аяктайт

«Түндүк – Түштүк жолу» долбоорунун алкагында Жалал-Абаддын Көк-Арт ашуусунда салынып жаткан тоннелдин курулуш иштери 1-декабрда аяктайт деп пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникаиялар министрлигинен билдиришти.

Аталган тоннель деңиз денгээлинен 2500 метр бийиктикте жайгашкан. Анын узундугу — 3890 метр, туурасы — 10, 6. Ал эми бийиктиги 8,5 метрди түзөт.

«Бүгүнкү күнү тоннелдеги жолго асфальт-бетон төшөө иштери аяктоодо. Жарык берүүчү жана желдетүүчү жабдыктарды орнотуу аяктап, электр кабелдерин орнотуунун акыркы этабы жүргүзүлүп жатат. Порталдын дубалдарын жасалгалоо иштери уланып жатат. Жакынкы күндөрдө жол сызыгын чийүү иштерин баштоо пландалууда», — деп билдирет министрлик.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>