90 млн сом зыян — Туризм фондунун чиновниктери каражатты максатсыз короткон деп шектелүүдөБишкек — Ош багытындагы билеттер 8 820 сомдон 7 600 сомго чейин арзандадыКыргызстан менен Палестина инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарКР Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы Астанадагы саммитте балдардын ден соолугун жана БА аймагындагы медицинаны талкууладыБишкектин жеке мектептеринде окуу алдыңкы ЖОЖдорго караганда бир нече эсе кымбат экени белгилүү болдуКР Коопсуздук кеңешинин катчысы жана Ирандын элчиси Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашты
Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды
08.10.2024 | 18:00
Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 4-октябрда аларга Кулиев көчөсүндө белгисиз жаран бычактан жараат алганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине милиция кызматкерлери барганда, бычак жеген жаран тез жардам унаасында эсине келбей көз жумганы белгилүү болгон.
Аталган факт боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 32 жаштагы Б.И. аттуу жаран кармалган. Соттун чечими менен ал тергөө аяктаганга чейин 2 айга №1 тергөө абагына камакка алынган.
Тергөө иштери уланууда.