ШКУ өлкөлөрү фитосанитардык коопсуздук жаатындагы координацияны активдештирүүдөКыргызстан менен Германия парламенттер аралык байланыштарды чыңдоодоБлогерлер Sary Kyz менен Argen Sigma Кыргызстанды таанытышатБишкекте жол кырсыгынан 22 жаштагы жөө жүргүнчү каза болдуFreedom Bank Kazakhstan Кыргызстанда банк ачуу пландарын токтоттуМамлекеттик кызмат Жапониянын стипендиялык программасына катышуучулардын аймагын кеңейтет
Бишкекте тез жардам кызматынын кечигишине жолдогу тыгындар себеп болбойт. Анын башка себеби айтылды
24.02.2020 | 14:34
Бишкектеги тез жардам унаасынын узак жүрүшүнө жолдогу тыгындар себеп болбойт. Бул тууралуу Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борборунун кайра жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдиргенин «Баракелде» жазды.
«Тез жардам кызматына бригаданын жетишпей жатканы маселе жаратат. Унаалар эмес, бригада. Анткени Бишкектеги норматив боюнча 100дөй бригада болуш керек. Ал эми бизде болгону 37. Биринчи кезекте бул кызматкерлердин жетишсиздигине негизделген. Бизде 210 дарыгердик ставка бар. Анын ичинен 85 орун бош. Маселе ошол жактан болуп жатат. Мындай эмгек акыга эч ким иштебейт», – деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом