Кыргызстанда 2027-жылдан тарта айрым пенсиялар жогорулайтИзраилдеги шайлоо: рекорддук катышуу, бирок эч бир блок көпчүлүккө ээ боло алган жокЖапония Кыргызстанга жол куруу техникаларын алуу үчүн 533 млн иен грант бөлдүКыргызстан менен Кытай суу чарба адистерин биргелешип даярдайтЖКнын пленардык жыйынына депутаттардын жарымынан азы катышууда — сүрөтПрезидент V Элдик курултайды уюштуруу комитетинин курамын өзгөрттү
Бишкектеги жол кырсыгында 10 киши жаракат алды
24.02.2020 | 14:00
Бишкектин Калык Акиев жана Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыгынан 10 адам жаракат алды.
Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык 23-февраль күнү саат 08:10 чамасында болгон.
Анда “Мазда Демио” унаа менен “Мерседес-Бенц спринтер” унаасы менен кагылышкан.
Жабыркаган он адамдын бешөө Улуттук госпиталга, бешөө Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Унаалар айып токтотмого жеткирилип, тергөө иштери башталган.
Күбөлөрдүн айтымына караганда жабыркаган кичи автобус №222 маршруттук каттамдагы жүргүнчү ташыган унаа болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар