Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Эрназар Акматалиев баштаган балбандар Россиядагы мелдешке катышат
17.10.2024 | 14:15
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбандары Россиянын Саха Республикасында (Якутия) өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Турнир якутиялык машыктыруучу Дмитрий Коркиндин элесине арналып өткөрүлөт.
Кыргызстандан бул мелдешке Эрназар Акматалиев (70 кг), Улукбек Жолдошбеков (65 кг) жана Стамкул Жаныбек уулу (92 кг) катышат. Биринчи орун алган спортчуга 200 миң рубль сыйлык берилет.
Турнир 19-20-октябрда өтөт. Анда 10дон ашык өлкөнүн спортчулары таймашка түшөт.