Бишкек ЖЭБге кышка карата 192 миң тонна көмүр жеткирилди

Бишкек ЖЭБге кышка карата 192 миң тонна көмүр жеткирилди

Бишкек Жылуулук электр борборуна жылуулук мезгилине керектелүүчү 1 миллион тонна көмүрдүн 192 миң тоннасы жеткирилди. Бул тууралуу 18-октябрда Энергетика министрлигине караштуу энергетикалык компаниялардын тогуз айдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылган кезексиз коллегияда айтылды.

Министрликтин маалыматы боюнча, 2024/2025-жылдын күз-кыш мезгилине карата республикага 2 млн 647,1 миң тонна көмүр керектелет, анын ичинен:

— бюджеттик мекемелерге 312,2 миң тонна керек болсо, бүгүнкү күндө 154,4 миң тонна каралган;

— калкка 1 млн 335 миң тонна керектелет, анын 535,9 миң тоннасы алынды;

— Бишкек Жылуулук электр борборуна 1 миллион тонна керек болсо, бүгүнкү күндө 192 миң тоннасы жеткирилди.

Энергетика министрлиги ошондой эле республика боюнча 576 көмүр отун базасы ачылганын, анын 16сы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына тиешелүү экенин билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>