Токмокто технохаб курулат: Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Central Asia Capital меморандумга кол койду«Телеграм» аркылуу ИГИЛ уюмуна тартылган кыргызстандык жаран кармалдыКыргызстанда 73 жаштагы бейтаптын жүрөгүнө уникалдуу операция жасалдыБишкекте Опера жана балет театрында өткөн пилатес сабагы коомдо нааразычылык жараттыЧүй облусунун 100дөн ашык окуучусу «Евразия» паркына бардыБашка бирөөнүн жерин саткан. Чүй милициясы алдамчылыкка шектүүнү кармады
Дүйнө чемпионаты (U-23): Бүгүн кыргызстандык 5 балбан күрөшөт
21.10.2024 | 09:40
Бүгүн, 21-октябрда Албанияда 23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталат.
Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча балбандар 60, 67, 72, 82, 97 кг салмактарда күч сынашат.
Бүгүнкү таймаш күнүндө кыргызстандык балбандардан Акыл Сулайманов (60 кг), Раззак Бейшекеев (67 кг), Адилхан Нурланбеков (72 кг), Бекзат Орункул уулу (82 кг) жана Нурманбет Раймалы уулу (97 кг) күрөшөт.