ДКӨ жана ШКУ: Бишкек менен Ысык-Көлдө тез жардам кызматы кандай иштейтЕАӨБ: Кыргызстанда инфляция 11,4%га чейин ылдамдады жана 2028-жылга карай гана калыбына келетИрандын президенти ШКУ саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келдиКОСУнун бүтүрүүчүсү Көчмөндөр оюндарында өз коллекциясын тартуулайтКөчмөндөр оюндарындагы коопсуздук: баланы, акчаны, документтерди жана өзүңдү кантип сактоо керек?Турчин, Мишустин жана башка чет элдик өкмөт башчылар кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты
Дүйнөгө таанымал айкелчи Жалал-Абад үчүн скульптуралык чыгарма жаратат
21.10.2024 | 09:20
Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаев грузиялык белгилүү сүрөтчү жана скульптор Тамара Квеситадзе менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Жолугушууда Текебаев Тамара Квеситадзе менен Жалал-Абад шаарында маданий-эстетикалык борбор уюштуруу, кыргыз элинин улуттук баалуулуктары чагылдырылып, облустун өзгөчөлүктөрү камтылган жана туристтердин кызыктыра турган скульптуралык чыгарманы жаратуу тууралуу сүйлөшкөн.
Тамара Квеситадзе дүйнөгө белгилүү бир катар скульптуралык чыгармаларды жараткан. Алардын катарында Грузиянын Батуми шаарында орнотулган “Эркек жана аял” аттуу айкел бар. Айкелдин аты кийин “Али жана Нино” деп өзгөртүлгөн.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом