Орус-Кыргыз Өнүктүрүү фонду тарыхый чекке жетти: инвестициянын көлөмү 1 миллиард доллардан аштыКарга байланыштуу «Сосновка» жана «Арал» пунктарында убактылуу чектөө киргизилдиКыргыз мушкерлери Дубайда өткөн Дүйнө чемпионатында күч сынашатСасык тумоо: өлкө боюнча 207 мектеп онлайн окууга өтүп, 217 бала бакча жабылдыТашиев Чүй проспектисин тарыткан Old Bishkek’тин курулуштарын алып салууну тапшырдыУКМК чет элдик адам шпионаж жасоого айыпталып соттолгонун билдирди
Садыр Жапаров Татарстанга иш сапары менен барат
22.10.2024 | 16:36
Президент Садыр Жапаров БРИКС саммитинин жыйынына катышуу үчүн Татарстанга иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Аталган саммит 23-24-октябрда Казан шаарында өтөт.
Учурда БРИКС уюмуна Бразилия, Россия, Индия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы, Египет, Иран, Эфиопия, Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмираттар мүчөлүк кылат. Бул уюмдун Казанда өтө турган жыйынына ага мүчө эмес мамлекеттердин башчылары да катышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом