Кыргызстанда биринчи жолу 3D-протездөө технологиясы ишке киргизилдиЖалал-Абадда алимент төлөбөгөн жаран эки жылга эркинен ажыратылдыКыргызстан 2026-жылдын башынан бери 17 тонна гүл экспорттодуКыргызстанда үч жашка чейинки балдарга 1200 сомдон жөлөк пул бериле баштайт. Президент кол койдуКорея Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого 10 млн доллар грант беретСадыр Жапаров абактан чыккан Даниэль Ажиевди алып бара жаткан тик учакты кайтарууну буйруду
Дүйнө чемпионаты: Бүгүн 4 балбан күрөшөт
28.10.2024 | 10:34
Бүгүн, 28-октябрда Албанияда күрөштүн олимпиадалык эмес салмактары боюнча чоңдор арасында дүйнө биринчилиги башталат. Мелдеш 31-октябрда жыйынтыкталат.
Чемпионаттын биринчи күнүндө грек-рим балбарынын таймаштары өтөт. Кыргызстандык спортчулардан бүгүн 4 спортчу килемге чыгат.
Грек-рим күрөшү курамасы:
- Улан Муратбек уулу (55 кг);
- Дастан Кадыров (63 кг);
- Ырыскелди Хамзаев (72 кг);
- Азат Салидинов (82 кг);
Курама команда мелдешке улук машыктыруучулар Улукбек Карачолоков, Арсен Эралиев жана башкы машыктыруучу Азат Эркинбаевин жетекчилиги алдында катышат.
Белгилей кетсек, грек-рим күрөшүндө 55, 63, 72 жана 82 кг олимпиадалык эмес салмактар болуп эсептелет.