Кыргызстанда кечки саат ондон кийин фейерверктерди атууга тыюу салындыЫсык-Көл облусунда Асман шаары үчүн аймак кеңейтилдиБекешев бенефициарлар тууралуу билдирмени кечигип тапшыргандарга айып пул салбоого чакырдыБишкекте Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү капиталдык оңдоого жабылатКыргызстандык окуучулар жасалма интеллект боюнча эл аралык олимпиадада ийгилик жаратыштыКолумбияда катуу жер титирөө болуп, жүздөн ашуун киши каза тапты
Сосновка постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди
28.10.2024 | 09:51
Чүйдөгү Сосновка постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу облустун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек – Ош унаа жолунда “Төө-Ашууда” туман болуп, кар жаап жаткандыктан, 28-октябрга караган түнү саат 01:40тан баштап Сосновка постунда жүк ташуучу унаалар өткөрүлбөй турат.
Жол милиция алар тыгындарды болтурбоо боюнча иш алып барып жатканын билдирип, айдоочуларды унаасынын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырды.
Транспорт министрлигинин кызматкерлер жолду кардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом