Кыргызстандык Айнуска Калил кызы Өзбекстандагы жарым марафон жарышында жеңүүчү болду.
Samarkand Marathon мелдеши 2-3-ноябрда Самаркандда өткөн.
Айнуска Калил кызы 21,1 чакырымга жарышка түшүп, маарага 1 саат 15 мүнөт 57 секундда келген. Атаандаштарын артта калтырган кыргызстандык жөө күлүк алтын байгеге татыган.