Ош шаарындагы окуу жайлардын биринин кафедра башчысы кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга Ноокат районунун тургуну (аял киши) арыз менен кайрылган. Аял киши билдиргендей, 2014-жылы ал кызын Ош шаарындагы окуу жайга тапшыртмак болуп, окууга өткөргөнү үчүн кафедра башчысына (аял киши) 75 миң рубль берген. 2019-жылы ошол эле кафедра башчысы документ толтуруу үчүн деп 19 миң сом, 2022-жылы диплом үчүн 20 миң сом алган.
Акчаны алган киши «кайра-кайра келүүнүн кереги жок, баары жакшы» деп айтып, ишендирип келген.
Быйыл ал кыздын апасына кайра чалып, акча сураган. Аял киши окуу жайга барууну чечип, ал жактан кызы студенттердин катарында жок экенин билген.
Мындан улам аял милицияга арыз жазууну чечкен. Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренесинин 2-бөлүгү (кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу) менен кылмыш иши козголгон.
Териштирүү учурунда кыз окууга өтпөгөндүгү, университеттин кызматкери эне менен кызды 10 жыл бою алдап жүргөнү аныкталган. ИИМ билдиргендей, окуу жайдын кызматкеринин иш-аракетинде алдамчылыктын белгилери да бар.
Октябрь айынын аягында мурда алынган 115 миң сом акчаны кайтарып берип жатканда окуу жайдын кафедра башчысы К. кармалган.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.