Жанар Акаев эртең мененки рейддер салтын улантып, Оштун көчөлөрүндө тартип орнотууну тапшырдыМектеп формасы классикалык стилде болушу керек. Министрлик парламентте айтылган сунуштарга жооп бердиРоссиянын мигранттарга карата жаңы мыйзамдары: Эмне үчүн кыргызстандыктарга зыянга караганда, пайдалуу болушу мүмкүн?Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондорго жана ашууларга кар көчкү түшүшү мүмкүнКыргызстан агросекторду жеңилдетилген насыялоого 13 миллиард сомдон ашык каражат багыттайтДүйнө Иран менен АКШнын ортосундагы жаңжалдын курчушун күтүп жатат
“Тилибиз өнүгүп кеттиби?”. Мамлекет кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн акчаны азайтууда
11.11.2024 | 18:46
Мамлекет кыргыз тилди өнүктүрүү программасы үчүн акчаны азайтууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда депутат Камила Талиева билдирди.
Ал 2023-жылы кыргыз тилин өнүктүрүү программасына 71,4 млн сом бөлүнгөнүн, быйыл 62,8 млн, 2025-жылга 46,2 млн сом каралганын айтып, жылдан-жылга акча азайып жатканын белгиледи.
“Менин оюмча көбөйүш керек эле. Себеби эмнеде же тилибиз өнүгүп кетип, каражатка мутаж болбой калдыбы?”, – деп суроо салды депутат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом