Чүй агроөнөр жай аймагында тазалоо курулмаларынын комплекси курулатКыргызстандын Министрлер Кабинети Евробиримдик менен соттошуу ниети тууралуу маалыматты төгүндөдү3-мартка карата аба ырайыКыргызстанда 2025-жылдагы жаратылышты коргоо ишинин жыйынтыктары чыгарылды: 4 млн сом айып пул жана сейрек кездешүүчү жаныбарларды алууКыргызстан Евробиримдиктин мүмкүн болгон санкцияларын сотто талашууга даярЮНЕСКО VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий патронаж берди
Бишкекте гараж ээлери менен мэрия кызматкерлеринин ортосунда чыр чыкты
22.11.2024 | 14:10
Бишкекте гараж ээлери менен мэриянын кызматкерлеринин ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн, 22-ноябрда Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын кызматкерлери Псковская көчөсү, 71 дарегинде уруксатсыз тургузулган гараждарды бузуу иштерин баштаган. Бирок гараж ээлери мэриянын кызматкерлерине тоскоолдук жараткан. Окуя учурунда гараж ээлери тарабынан бензин чачылып, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматтык унаасы жана атайын техникасы да жабыркаган.
Натыйжада жерине милиция кызматкерлери чакырылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом