ИИМ: Бишкекте синтетикалык баңгизат тараткан жаран кармалды

ИИМ: Бишкекте синтетикалык баңгизат тараткан жаран кармалды

Интернет-дүкөн аркылуу өзгөчө ири өлчөмдө синтетикалык баңгизаттарды сатуу менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы билдирди.

16-декабрда Бишкекте 29 жаштагы жаран кармалып, анын курткасынын чөнтөгүнөн баңгизат салынган термобаштыкча табылып алынган. Аталган факт боюнча 282-берене (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Кармалаган жаран синтетикалык баңгизаттарды бекиткен жерлерди көрсөтүп берген. Алар жалпы 37 жерге катылган. Экспертизанын жыйынтыгы алар 4-СМС (4 хлорметкотион, клефедрон) синтетикалык баңгизаты экенин көрсөткөн.

Маалым болгондой шектүү ноябрь айынан бери интернет дүкөн аркылуу баңгизаттарды таратуу менен алектенген.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо иштери жүрүүдө.

Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>