Төрт эм төрөлгөн үй-бүлөнүн башчысы эмгек министрине эки маселе менен кайрылды

21.12.2024 | 09:54

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров 2023-жылы үч кыз, бир уул болуп төрөлгөн төрт эмдин үй-бүлөсүнө барды. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушуу учурунда министр жаш үй-бүлөнү куттуктап, төрт эмдин төрөлүшү кубанычтуу жана сейрек кездешүүчү окуя экенин баса белгиледи.

«2023-жылы үй-бүлө төрт бала үчүн ар бири 50 миң сомдон, жалпысы 200 миң сом өлчөмүндө “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн алышкан.

Жолугушууда үй-бүлөнүн башчысы министрден турак жай маселесин чечүүгө жана жумуш менен камсыздоого көмөк көрсөтүүнү суранды», – деп айтылат маалыматта.

Равшанбек Сабиров министрлик көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоону уланта турганын айтты. Жолугушуунун жыйынтыгында министр бул суроону изилдөө үчүн тиешелүү органдарга жеткирээрин белгиледи.

Ал эми Эмгек министрлиги тарабынан үй-бүлөнүн башчысын жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшөөрүн айтып, алардын материалдык абалын жакшыртууга жана туруктуу киреше табууга шарт түзөрүн билдирди.

Министр белгилегендей, балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо, үй-бүлө институтун бекемдөөгө жана өлкөдөгү ар бир үй-бүлөнүн бакубат жашоосу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Маалымат үчүн. 2024-жылдын 1-декабрына карата 130,7 жаңы төрөлгөн ымыркайга республикалык бюджеттен жалпы суммасы 524,4 млн сом өлчөмүндө бир жолку «балага сүйүнчү»төлөмү, анын ичинен 42 үч эмге 2,1 млн сом берилди.

https://reporter.kg/chyjdogy-torot-yjyndo-tort-em-toroldy/

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top