Элдик курултайда 67 өнөр жай жана социалдык объектилер онлайн режиминде ачылды«Алсыздарга кол көтөргөн коом эч качан цивилизациялуу коом боло албайт»: Президент аялдарга карата зомбулук тууралуу үн каттыБыйыл 400 миң тоннадан ашык көмүр экспорттолду. «Кыргызкөмүр» жыл жыйынтыгын чыгардыКМШ өлкөлөрүнүн окуучуларынын гуманитардык жана коомдук илимдер боюнча эл аралык олимпиадасынын тандоо этабы башталдыБыйыл үй-бүлөлүк зомбулуктан 31 адам каза таптыБишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу токтотулат
Токмокто айдоочу эне менен кызды сүзүп кетип, наристе көз жумду. Шектүү кармалды
09.01.2025 | 10:14
Токмок шаарында айдоочу эне менен кызын сүзүп кетип, наристе каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, окуя 8-январда күндүз болгон. 60 жаштагы айдоочу (Ш.К.) «Фольксваген Поло» унаасы менен баратып аны башкара албай калып 26 жаштагы энени жана 2021-жылы туулган кызын сүзүп кеткен. Анын айынан наристе көз жумган.
Айдоочунун унаасынын арткы дөңгөлөктөрү жайкы экени такталган. Ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом