Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Токмокто айдоочу эне менен кызды сүзүп кетип, наристе көз жумду. Шектүү кармалды
09.01.2025 | 10:14
Токмок шаарында айдоочу эне менен кызын сүзүп кетип, наристе каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, окуя 8-январда күндүз болгон. 60 жаштагы айдоочу (Ш.К.) «Фольксваген Поло» унаасы менен баратып аны башкара албай калып 26 жаштагы энени жана 2021-жылы туулган кызын сүзүп кеткен. Анын айынан наристе көз жумган.
Айдоочунун унаасынын арткы дөңгөлөктөрү жайкы экени такталган. Ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом