Бишкекте “Art-Ordo – 2025” эл аралык театр фестивалы расмий ачылдыКыргызстандык аскерлер Таджикистанда ЖККУнын биргелешкен машыгуусуна катышуудаБишкек шаардык Патрулдук милиция кызматында жаңы жетекчилик дайындалдыӨКМ Чүй, Талас облустарынын айыл өкмөттөрүнө жана мэрияларына айып пул салдыБишкекте №1, №243 жана №226 автобустардын кыймыл жолу убактылуу өзгөртүлдүТүтүн, дөңгөлөк жана адреналин: «Ганси» автодромунда дрифт боюнча чемпионат өттү
Бишкекте баңгизат таратууга шектелген жаран кармалды
10.01.2025 | 15:29
Бишкекте баңгизат таратууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИмдин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Шектүү катары 53 жаштагы жаран Х.Х. кармалган. Анын күрмөсүнөн Alpha-PVP психотроптук заты табылып алынган. Милиция кызматкерлери шектүүнүн телефонун текшерип, баңгизат катылган жерди табышкан. Маңзат шаардагы райондордун биринде болгон. Ал жерден Alpha-PVP жана “медефрон” баңгизаты табылып алган. Анын баасы 1,6 млн сомго жетет.
Кармалган жаранга “баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо” берене боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом