Урмат Самаев президенттин Жалал-Абаддагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Дайындоо тууралуу документке министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Эскерте кетсек, Урмат Самаев буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты, Токмок шаарынын мэри болгон.
Мэр болуп турганда, 2023-жылы апрелде аны УКМК кармап, ага Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 337-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгогон. 2024-жылы Токмоктун соту аны 210-берене боюнча актап, бирок 337-берене менен күнөөлүү деп тапкан. Самаевге 1 млн сом айып салынган. Чүйдүн соту ал чечимди күчүндө калтырган.
Быйыл 13-январда Жогорку сот Самаевдин ишин токтотуп, ага реабилитация болууга укук берген.