7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыраттыМинистр менен мэр окуучу кол салды делген мугалимден кабар алышты
“Манас” эл аралык аэропорту” ААКсынын аты өзгөргөнү расмий жарыяланды
27.01.2025 | 17:04
“Манас” эл аралык аэропорту” ААКсы бүгүн, 27-январдан баштап “Кыргызстан аэропорттору” ААКсы деп расмий түрдө өзгөрдү. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.
Аталыштын өзгөрүшү компаниянын атына гана тиешелүү. Ал эми шаар четиндеги башкы аба майдан “Манас” эл аралык аэропорту деп аталып кала берет.
“Мындай өзгөртүү өлкөнүн бардык аэропортторун бир бренддин алдына бириктирүү, өнүктүрүү боюнча мекемебиздин стратегиялык багытын чагылдырат”, – деп айтылат маалыматта.
https://reporter.kg/manas-el-aralyk-aeroportu-aaksynyn-aty-ozgortyldy-zhanysy-kandaj-atalat/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом