Медер Абакиров ЕБге мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолугуштуКыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоо. Жаңы үмүт, жаңыча ыкмаларБекешев: Курулуш министрлиги Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн сыртындагы кондиционерлерди алып салууну көздөөдөМектептерге башталгыч класстар үчүн жаңы окуу китептери таркатылууда«Азия Моллдун» жанындагы авто кырсыкта 3 жаштагы кыз каза болдуКамчыбек Ташиев эмгек сиңирген артист Хабибилла Азиреткуловго Бишкектен батир тапшырды
Көк-Жардагы үйдөн 4,5 миң доллар уурдалган. Шектүү кармалды
28.01.2025 | 16:01
Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 15-январда Көк-Жар айылындагы үйгө белгисиз адамдар кирип, 4,5 миң доллар уурдап кеткен. Акчасын уурдаткан үй ээси милицияга арыз жазган.
Аталган факт боюнча “уурулук” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 33 жаштагы жаран (Ж.М.) кармалган.
Учурда анын ушул сыяктуу фактыларга катыштыгы текшерилүүдө.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0504 00 66 11 же 102 номерине кабар берүүсүн сурант.