Айнекти караңгылатуудан жана «өзгөчө» номерлерден түшкөн акча унаа каттоо системасын жаңылоого жумшалатКыргызстанда аквакультураны өнүктүрүү борбору түзүлөтВенада Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн тышкы саясий кызматташтыгы талкууландыБишкекте мас айдоочу эки жол кырсыкка себеп болдуИсламабадда Садыр Жапаров менен Пакистандын президенти жолугушту5-декабрь: Тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт
Кыргызстанда картошканы чет жакка экспорттоого убактылуу тыюу салуу пландалууда
03.02.2025 | 16:44
Кыргызстанда картошканы чет жакка экспорттоого убактылуу тыюу салуу пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.
Мындай демилге азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, социалдык мааниге ээ азык-түлүктөргө болгон баалардын негизсиз жогорулашын алдын алуу жана бааларды туруктуу кармоо максатында көтөрүлүүдө.
Министрликтен белгилешкендей, 1-февралда өкмөт башчынын орун басары, министр Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү азык-түлүктүн баасына байланыштуу кеңешме өткөргөн. Анда ал Экономика жана коммерция министрлигине, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө, жергиликтүү бийлик органдарына азык-түлүктүн баасын тыкыр көзөмөлгө алууну тапшырган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом