Бишкекте алгачкы жолу пион гүлүнүн дүйнөлүк конференциясы болуп өттү«Asman Airlines» ишканасына эки Airbus A321 учагы сатып алынатДастан Бекешев: Мектептер рейтинг үчүн окуучуларды ЖРТга жибербей жатканы – бул мыйзамсызКыргызстандын айыл чарба продукциясы Япония, Кытай жана Россия базарларын өздөштүрүүдөДастан Бекешев жалпы республикалык тестти мамлекеттин эсебинен каржылоону сунуштадыКыргызстандын Улуттук банкы рубль менен нак операциялар боюнча күндөлүк отчеттуулукту киргизүүдө
Кыргызстанда бир аптада 324 мас айдоочу кармалды
10.02.2025 | 13:49
Кыргызстанда бир аптада 324 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 3-9-февраль күндөрү өлкөдө 24 миң 619 жол эреже бузуу аныкталып, 2 миң 726 унаа айып короосуна коюлган.
Бир жумада аныкталган жол эреже бузуулар:
- Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 658;
- Мас айдоочулар – 324;
- Унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу – 227;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 327;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 826;
- Автоээнбаштык – 15;
- Ылдамдыкты ашырып айдоо – 3 794;
- Жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу – 6;
- Башка жол эреже бузуу фактылары – 11 миң 716;
Рубрики: Жаңылыктар, Коом