Азия оюндары: Кыргызстандын хоккей курамасы чейрек финалда Кореяга жеңилди

Азия оюндары: Кыргызстандын хоккей курамасы чейрек финалда Кореяга жеңилди

Кыргызстандын хоккейчилери Кытайда өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарында чейрек финалдагы беттешинде жеңилди.

Беттеш бүгүн, 11-февралда өтүп, Кыргызстандын курамасы Түштүк Корея менен ойноду. Оюн 0:20 эсебинде жыйынтыкталды.

Жеңилүү ызасын тарткан Кыргызстандын хоккейчилери Азия оюндарындагы жарыштан четтеди.

Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, Кыргызстандын хоккей курамасы бул мелдеште 7-орунга татыды.

Эскерте кетсек, кыргызстандык хоккейчилер чейрек финалга чейинки оюндарында Кувейт, Бахрейн, Сингапур, Гонконг курамаларын уткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>