Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Таштанды челекти тороп турган унаалар айып короого алынып кете баштайт
12.02.2025 | 13:26
Бишкекте таштанды челекти тороп турган унаалар бүгүн, 12-январдан тарта айып короого эвакуациялана баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Мэриядан белгилешкендей, унаасын таштанды челекти тороп калтырып кеткен айдоочулардын айынан «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери таштандыны убагында чыгарып кете албай калат. Эрежеге ылайык унааны антип калтырууга болбойт.
Бүгүндөн тарта челектерди тороп турган унаалар айып короосуна алынып кетет.
Бишкектин мэриясы «Тазалыктын» кызматкерлери таштандыларды түнкү саат 00:00дон 06:00го чейин алып кетерин эске салып, шаар тургундарын таштандыны саат 19:00дон 00:00го чейин чыгарууга чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом