Дыйкан-фермерлерди тейлөө үчүн “Телеграм” тайпасы ачылды

07.03.2025 | 10:55

Фермерлерди тейлөө борборлорунун “Телеграм” тайпасы ишке кирди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Эми дыйкан-фермерлер агроөнөр жай тармагы керектүү маалыматтарды жана ар кандай маселелерге жоопту онлайн түрдө ыкчам ала алышат.

Эске салсак, 2024-жылдан баштап өлкөнүн ар кайсы аймактарында дыйкан-фермерлерди тейлөө борборлору ачылган.

Scroll to Top