Кыргызстанда окуу жылы 15-сентябрда башталат — себептериКыргызстан Дүйнөлүк банкты ак илбирсти коргоого жана 2027-жылкы тоо саммитине даярдык көрүүгө чакырдыБаткенде эркек киши аялын бычактап, андан кийин өзү асынып каза болдуКыргызстанда мугалимдердин айлыгы эки эсе көтөрүлдү — кенен маалыматТоктогул суу сактагычынан 12 миң метр синтетикалык тор чыгарылдыБишкекте хоккей боюнча Азия Кубогу башталат
Нарында кампалар жана жерлер мамлекетке кайтарылды
10.03.2025 | 17:32
Нарындын Кочкор жана Жумгал райондорундагы жеке менчикке берилип кеткен кыймылсыз мүлктөр жана жерлер мамлекетке өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан мурда мамлекеттин менчигинде болгон дан азыктарды сактоочу кампалар жана ага тийиштүү жер тилкеси жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткени аныкталган. Натыйжада баасы 100 миллион 750 миң сомду түзгөн кыймылсыз мүлк жана ага тиешелүү 5 гектар 5 сотых жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Ошондой эле, Жумгал районунун прокуратурасы жеке менчикке өтүп кеткен баасы 5 млн сомду түзгөн 23 сотых жер тилкесин мамлекеттин балансына кайтарган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом