Мамлекеттик салык кызматынын бөлүм башчысы кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын бөлүм башчысы кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын Айтматов району боюнча башкармалыгынын киреше бөлүмүнүн башчысы Р.Б.К. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кызматкер «Глобал Корумтор Майнинг» ишканасынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, мамлекетке салык карызы жок экендиги тууралуу маалымкатты ишканага мыйзамсыз берип, анын банкрот деп табылышына өбөлгө түзгөн.

Р.Б.К. жалган маалымкат берүүнүн изин жашыруу максатында, Салык кызматынын маалымат базасына аталган ишкананын мамлекетке 213 млн 134 миң 589 сом карызы тууралуу маалыматты киргизген. Натыйжада «Глобал Корумтор Майнинг» банкрот деп табылып, мамлекеттин кирешесине 213 миллион 134 миң 589 сом өлчөмүндө милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн мыйзамсыз бошотулган.

Учурда аталган кызматкер убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>