Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (СУАР) жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Ал Үрүмчү шаарында Кытай коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, СУАРдын Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолукту.
Жолугушууда эки тарап 2030-жылга чейин Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда соода жүгүртүүнүн көлөмүн 45 млрд долларга жеткирүү маселесин талкуулашты.
Ошондой эле, кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Бедел» көзөмөл өткөрүү пунктун жана «Барскоон — Бедел — Үчтурпан — Аксу» унаа жолун курууну тездетүү тууралуу сүйлөшүштү.
Мындан тышкары тараптар «Үрүмчү – Ош» жана «Кашгар – Ош» жаңы аба каттамдарын ачуу маселесин карап, кошумча авиакаттамдардын ачылышы соода-экономикалык, туристтик жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн белгилешти.