Айрым аймактарда жаан жана кар жаайт: 30-октябрга карата аба ырайыКыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыкты
Президент Ысык-Көлдө скутерди колдонуу боюнча мыйзамга кол койду
17.03.2025 | 11:01
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө суу мотоциклин (гидроцикл, скутер) колдонуу боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы бүгүн, 17-мартта билдирди.
Мыйзам 13-февралда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамда экологиялык ченемдерди жана коопсуздук эрежелерин милдеттүү түрдө сактоо менен Ысык-Көлдүн атайын бөлүнгөн туристтик зоналарында, адамдардын жана эс алуучулардын массалык топтолуусу жок жерлеринде төрт такттуу кыймылдаткычы жана электр кыймылдаткычы бар суу мотоциклин (гидроциклди, скутерди) пайдаланууга уруксат берилген.
Бул мыйзамды бузган жеке жактарга 5 миңден 15 миң сомго чейин, ал эми юридикалык жактарга 10 миңден 20 миң сомго чейин айып салуу жоопкерчилиги каралган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом