Кыргызстандык эки окуучу АКШдагы Массачусетс технологиялык институтуна өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Аталган эки окуучу тең математика боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү болуп саналат. Бири Элдар Искандеров – UWIS мектебинин бүтүрүүчүсү. Ал Улуу Британияда өткөн IMO-2024 65-эл аралык математика олимпиадасынын күмүш медалынын ээси. Анын тренери – Мамат Ишматов.
Ал эми экинчи окуучу Искен Кенжебаев – «Сапаттын» Жайыл Баатыр атындагы лицейинин бүтүрүүчүсү. Ал да Улуу Британияда өткөн математика олимпиадасынын күмүш медалынын ээси. Анын тренери – Азамат Аскаров.
Массачусетс технологиялык институту дүйнөдөгү жана АКШнын эң абройлуу техникалык окуу жайларынын бири болуп саналат. Дүйнөдөгү университеттердин беделдүү рейтингдеринде алдыңкы орундарда турат.

Солдон оңго карай: Искен Кенжебаев жана Элдар Искандеров