Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Ноорузга карата милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт
20.03.2025 | 11:25
Нооруз майрамына карата өлкөдө милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Министрлик Бишкекте майрамдык иш-чара Т. Усубалиев атындагы эски аянты өтөрүн, ага байланыштуу Абдымомунов көчөсү Панфиловдон Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү 18-марттан 23-мартка чейин жабык болорун эске салды.
“Республиканын ички иштер органдарынын өздүк курамы Нооруз майрамында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Көчөлөрдө жана коомдук жайларда милициянын кезметтери күчөтүлөт. Ошондой эле майрамдык иш-чаралар өтө турган жерлерде коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл бурулат”, – деп айтылат маалыматта.
Майрамдык иш-чараларды өткөрүү учурунда коомдук тартипти 10 миңден ашык милиция кызматкери карайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом