Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Жалал-Абадда 100 гектар аянтка 40 миң көчөт отургузулду
22.03.2025 | 10:24
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана министрликке караштуу Токой кызматы менен биргеликте Жалал-Абад облусунун Барпы айылында көчөт отургузуу иш-чарасын өткөрдү.
ӨКМден билдиришкендей, ага министр Бообек Ажикеев жана ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы кызматкерлери катышты.
Бул иш-чара “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында өткөрүлүп, өлкө аймагында экологияны коргоо жана жашыл аймактарды көбөйтүү максатын көздөйт.
Жалпысынан 100 гектар аянтка 40 миң көчөт, анын ичинде ийне жана жазы жалбырактуу дарактардын жети түрү отургузулат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу жана токой ресурстарын сактоо иштерин мындан ары да улантат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар