ӨКМнын Өрттү көзөмөлдөө кызматынын Ош жана Баткен облустары боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы кызматтык абалынан пайдалануу менен алдамчылык кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, кармалган жаран 2021-жылы Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциянын Ош аймактык башкармалыгында юрист болуп иштеп турган мезгилде кызмат абалынан пайдаланып, курулуш компанияларынын биринин директорунан Ош шаарында көп кабаттуу үй курууга мамлекеттик органдардан керектүү уруксат документтерин тоскоолдуксуз алуу үчүн 14 миң доллар өлчөмүндө акча алган.
Ал мындан тышкары кызматы үчүн курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн үч бөлмөлүү батир талап кылып, күрөө катары «Тайота Фораннер» үлгүсүндөгү автоунаа алып, аны жакын тууганына каттаткан.
Бирок милдеттенмелерин аткарган эмес жана алган акча каражаттарын кайтарган эмес.
Учурда кармалган жаран соттун чечими менен тергөө абагына камалган. Тергөө иштери жүрүп жатат.