Саясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кеттиБишкектеги соода борборлорун жардырам деп билдирүү тараткан жаран кармалдыИнтернет шылуундугу: Жаранды 14 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалдыЫсык-Көлдө көк бөрү оюну учурунда чыккан чырдан бир адам каза таптыАйсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору болду
Азия чемпионаты: Орозобек Токтомамбетов күмүш утту
31.03.2025 | 09:14
Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Орозобек Токтомамбетов күмүш медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Ал финалда алтын үчүн беттеште казакстандык Нуркожа Кайпановго 2:1 эсебинде утулду.
Спортчу күрөштүн эркин түрү боюнча 74 кг чейинки салмакта таймашкан.
Алгач 1/8 финалдык беттеште кытайлык атаандашын 11:0 эсебинде жеңип, чейрек финалдык беттеште Кореянын балбанын 10:0 эсебинде утуп жарым финалга чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт