Кой-Таштагы Атамбаевдердин үйүнө адамдар келгени айтылуудаПрезидент Садыр Жапаров Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине катыштыЖККУнун жаңы миссиясы: Борбор Азияда табигый кырсыктарды башкаруу борбору пайда болот«Түндүктүн» кызматтарын колдонуу үчүн электрондук кол тамганы кантип алуу керек?Токмокто аял өзүнүн 2 баласын бычактап өлтүрдү. Окуянын чоо-жайыКыргызстандык Nomad тобу «Интервидение-2025» сынагында сахнага 2-болуп чыгат
Панфилов паркындагы кырсык боюнча 24 жаштагы жаран кармалды
02.04.2025 | 11:11
Бишкек шаарындагы Панфилов паркындагы аттракциондон кыз кулаган кырсык боюнча шектүү катары 24 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардын Биринчи Май райондук милициясы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси (керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 2001-жылы туулган Ш.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Эске сала кетсек, 31-мартта Панфилов паркындагы аттракциондордун биринен 2006-жылы туулган Ш.Ж., аттуу кыз кулап, оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Окуяга аттракциондогу эки коопсуздук курунун үзүлүп кетиши себеп болгону айтылган.
Аттракциондун ээсине 35 миң сом айып пул салынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар