Борбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилдиМанас шаарында кызга зомбулук көрсөткөн 38 жаштагы жаран камакка алындыКата жазылган көчө аттары: Бишкекте туура эмес аталыштарга каршы рейд башталдыАла-Арчада Кыргызстандагы алгачкы родельбан курула баштадыКумтөрдүн «MEGASHOP» цехи: 14 оор техниканы бир убакта оңдойтTunduk тиркемесинде жаңы медициналык кызмат ишке киргизилди
Январь-март айларында салыктан 63 млрд 852 млн сом түштү
04.04.2025 | 14:34
Ушул жылдын январь-март айларында салыктардан жана төлөмдөрдөн 63 млрд 852,2 млн сом чогултулду. Бул тууралуу Салык кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч белгиленген пландан 4 млрд 388,6 млн сомго ашык аткарылган. Ошондой эле өткөн жылга салыштырмалуу салыктар 15,8 млрд сомго көп чогултулган.
Ал эми камсыздандыруу төгүмдөрүнөн январь-март айларында 19 млрд 114,5 млн сом чогултулуган. Бул былтыркы жылга салыштырганда 1,5 млрд сомго көп.
Жалпысынан алганда 2025-жылдын I кварталында чогултулган салыктардан жана камсыздандыруу төгүмдөрүнөн бюджетке жалпы 82 млрд 966,7 млн сом түшкөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом