BITF 2026: Бишкекте биринчи жолу эл аралык туристтик көргөзмө өтөтБишкекте курттардын капташы: Ак-Босогодогу теректер эмне болууда?Кыймылсыз мүлктү сатууга өз алдынча тыюу. Дастан Бекешевдин түшүндүрмөсүКыргызстан менен Казакстандын банктары кооптуу сызыктаБишкек менен Душанбе парламенттик кызматташууну күчөтүүнү талкууладыКыргызстанда окуу жылы 15-сентябрда башталат — себептери
Айрым кылмыштарга мунапыс берилбейт. Мыйзамга президент кол койду
08.04.2025 | 11:10
Президент Садыр Жапаров айрым кылмыштарга мунапыс берүүнү жокко чыгарган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу “Эркин-Тоо” гезитинин 8-апрелдеги санына жарыяланды.
Өлкө башчы “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясына 4-апрелде кол койгон. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 13-мартта кабыл алынган.
Ага ылайык, төмөнкү кылмыштар жасалган учурда мунапыс берилбейт:
- террордук ишти каржылоо;
- террордук иштерди жүргүзүүгө карата ачык чакырыктар;
- уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо;
- куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү;
- диверсия.