Жалал-Абадда алимент төлөбөгөн жаран эки жылга эркинен ажыратылдыКыргызстан 2026-жылдын башынан бери 17 тонна гүл экспорттодуКыргызстанда үч жашка чейинки балдарга 1200 сомдон жөлөк пул бериле баштайт. Президент кол койдуКорея Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого 10 млн доллар грант беретСадыр Жапаров абактан чыккан Даниэль Ажиевди алып бара жаткан тик учакты кайтарууну буйруду6-мартка карата аба ырайы
«Oш пансионатына» тиешелүү жерлер мамлекетке кайтарылды
08.04.2025 | 11:42
Ош шаарындагы «Oш пансионаты» мекемесине тийиштүү 1,5 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматта айтылгандай, шаардык прокуратура аталган мекемеге тийиштүү жер 2015-2018-жылдар аралыгында 31 жаранга мыйзамсыз жеке менчикке сатылып кеткендигин аныктаган.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, баасы 189,7 млн сомду түзгөн 1,5 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом