Бишкектин бир бөлүгүндө жаратылыш газы 2 күнгө өчүрүлөтИнвестициялар боюнча улуттук агенттик менен «ХанаЭнергия» энергетика тармагында кызматташатКыргызстан менен Кытай чакан жана орто бизнести колдоого багытталган жаңы программаны ишке ашыратАКШдан канча кыргызстандык депортацияланганын ТИМ билдирдиЧүй жана Жалал-Абадда мыйзамсыз сатылып жаткан тамеки жана алкоголдук продукциялар аныкталды«Көмүскө келишимсиз» мамлекет. Шерадил Бактыгулов административдик-аймактык реформа тууралуу
Ошто “никаб” кийип жүргөндөргө эскертүүлөр берилди
08.04.2025 | 16:31
Ош облусунун аймагында дин жөнүндөгү мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коомдук жайларда “никаб” кийип жүргөн жарандарга эскертүүлөр берилди. Бул тууралуу Ош облустук милициясы кабарлады.
Милиция жарандар тарабынан медициналык көрсөтмөлөрүнө, эмгектенүүсүнө жана кызматтык ишине, спорттук иш-чараларга катышуусуна, маданий, оюн-зоок же башка коомдук иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан учурларды кошпогондо, мамлекеттик бийлик органдарынын мекемелеринде жана коомдук жайларда жүзүн толук жашырып жүрүүгө тыюу салынганын билдирди. Бул талапты аткарбагандарга 20 миң сом айып пул салынары эскертилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом