Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Бишкек жана Ошто жарандарга кагаз маалым кат берүү токтойт
10.04.2025 | 16:37
Бишкек менен Ошто 14-апрелден тарта кагаз маалым кат берүү токтотулуп, “Түндүк” аркылуу гана санарип түрү бериле баштайт. Бул тууралуу президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары – президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн башчысы Азамат Кадыралиев билдирди.
Ал эми 1-майдан баштап саамалык республиканын бардык аймактарына жайылтылат.
Маалыматта белгиленгендей, бул талап 50 жаштан өйдөлөргө, социалдык жактан аяр категориядагыларга тиешеси жок.
“Кезекте туруп, кагаз документтерди чогултуунун кажети жок болот. Талап кылынган маалыматтар “Түндүк” тиркемесинин жардамы менен алынат”, — деди Кадыралиев.
Рубрики: Жаңылыктар