Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? РейтингМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландыБалык чарбасы үчүн тоюттарга 2028-жылга чейин кошумча нарк салыгы алынбайт
Бишкекте 100 гектар жерге бак өстүрүүчү жай курулат
21.04.2025 | 13:22
Бишкек шаарында 100 гектарга жакын аянтка бак өстүрүүчү жай куруу пландалууда. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Бак өстүрүүчү жайга шаар мэри Айбек Жунушалиев кытайлык инвесторлор менен барып, аны куруу процесси менен таанышкан.
Учурда аталган жердин 5 гектардан ашык аянтына эксперименталдык түрдө 12 миң 300 бийик дарак көчөттөрү, 9 миң бадал отургузулган. Алардын негизги түрлөрү:
- Жалбырактуу клен;
- Кытай акациясы;
- Жазы жалбырактуу дарактар;
- Липа;
- Ак мом;
- Бегония;
- Пномпень тереги;
- Чоң жалбырактуу терек;
- Кызыл нана;
- Хоккайдо тереги;
- Бук;
- Луан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом