Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков мандатын тапшырдыАйдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча акция – КР бюджетине 350 миллион сом түшпөй калдыМинистрлер Кабинети аскердик жыйындардан өтүү үчүн жаңы төлөмдөрдү бекитти: Коргоо министрлиги түшүндүрмө берди1-апрелден тарта Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылатБашка өлкөлөрдө жүк ташуу үчүн КР айдоочуларына эл аралык айдоочулук күбөлүк керекАлтымышев көчөсүндөгү курулуштар буздурулуп, Ала-Арча дарыясынын жээги бошотулду
Кыргыз балын уурдаган япониялык карыяга эң кымбат бал белекке берилгени айтылды
25.04.2025 | 11:11
Япониянын Осако шаарындагы жарманкеде кыргыз балын уурдады деген шек менен кармалган 83 жаштагы карыяга ардактуу конокторго бериле турган эң кымбат бал белек кылынды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Жарманкеде иштеген кыргызстандыктар полиция карыяны кечирим суратуу үчүн алып Кыргызстандын павильонуна алып келгенде, доосу жок экенин айтып, полициядан ал кишини кое берүүсүн суранышкан.
Эскерте кетсек , абышка 16-апрелде бал уурдого шектелип кармалган.
Рубрики: Жаңылыктар